Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
бешинчи сессиясы
2025-жылдын 11-июлундагы №5/2
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн балансында турган XGMA XG 955 жана LiuGong 835-H үлгүсүндөгү погрузчиктердин кылган кызматынын өлчөмүн жана ижара акысын чегерип берүү жөнүндө
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовдун 2025-жылдын 30-июнундагы №01-3/1163 сандуу кайрылуусунун негизинде Кара-Камыш айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.1. Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн балансында турган XGMA XG 955 үлгүсүндөгү погрузчикти, Топ-Жангак айылынын тургуну Чыныбеков Арстанбекке келишимдин негизинде ижарага берүүгө макулдук берилсин.
1.2. XGMA XG 955 үлгүсүндөгү погрузчиктин учурдагы абалын эске алып, 2025-жылга карата өз чыгымы менен калыбына келтирип, айыл өкмөтүнүн жумуштарын келишимдин негизинде аткарсын.
1.3. Кара-Камыш айыл аймагынын тургундарынын жумуштарын 1 (бир) саатына 4000 (төрт миң) сомдон аткарылсын.
2.1. Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн балансында турган LiuGong 835-H үлгүсүндөгү погрузчикти, Кара-Жыгач айылынын тургуну Адылбеков Бактыярга келишимдин негизинде ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2.2. LiuGong 835-H үлгүсүндөгү погрузчиктин учурдагы абалын эске алып, өз чыгымы менен техниканы калыбына келтирип, 2025-жылга карата ижара акысы 10 000 (он миң) сомду түзсүн.
2.3. Кара-Камыш айыл аймагынын тургундарынын жумуштарын 1 (бир) саатына 3000 (үч миң) сомдон аткарсын.
3. Токтомдо чегерилген аренда акыны айыл өмөтүнүн бюджетине төктүрүү жана сунушталган айдоочулар менен келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовго жүктөлсүн.
4. Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Назарбековго жүктөлсүн.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |