Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
бешинчи сессиясы
2025-жылдын 11-июлундагы №5/3
“Cassa-1000 жергиликтүү коммчулукту колдоо” долбоору аркылуу келген 29 боз үйдүн ижара акысын бекитип берүү жөнүндө.
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовдун 30.06.2025-жылдагы № 01-3/1163 сандуу АРИС программасынын негизинде “CASSA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо” долбоорунан келген 29 боз үйдүн ижара акысын бекитип берүү максатында жазган кайрылуусунун негизинде Кара-Камыш айыллдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1.”Cassa-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо” долбоорунун негизинде Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш көлүнө келген 29 боз үйдүн 2025-жылга карата ижара акысы 180 000 (бир жүз сексен миң) сом болуп бекитилсин.
2. Кара-Камыш көлүнө ”Cassa-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо” долбоорунун негизинде келген 29 боз үйдү келишимдин негизинде ижарага берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовго жүктөлсүн
3. Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Назарбековго жүктөлсүн.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |