Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 432 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизинг иши жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизинг иши жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жана "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизингдик компаниялардын ишин жөнгө салуу тартибин, лизингдик операцияларды жүргүзүү тартибин, лизингдик компаниялардын уставдык капиталын жана финансылык каражаттарын түзүү тартибин, кызмат адамдарына (жооптуу адамдарга) коюлуучу квалификациялык талаптарды жана алардын лизинг ишиндеги милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу үчүн компетенттүүлүк, квалификация жана ак ниеттүүлүк деңгээлине ылайык келтирүү максатында алардын макулдашуу тартибин белгилейт.
Ушул Жобонун колдонулушу лизинг ишин жүзөгө ашыруучу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү юридикалык жактарга жайылтылбайт.
2. Лизингдик компания жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруучулук-укуктук формасында коммерциялык уюм болуп түзүлөт жана өз ишин "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келген уюштуруу документтеринин негизинде жүзөгө ашырат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча мамлекеттик лизингдик компания ачык акционердик коом түрүндө түзүлүшү мүмкүн.
4. Лизингдик компаниялар өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө", "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана лизинг ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат.
5. Лизингдик компания Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын статусуна ээ болот.
6. Лизингдик компаниялардын уюштуруучулары болуп Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери - жеке жана юридикалык жактар боло алат.
7. Төмөнкү адамдар лизингдик компаниянын акционерлери/уюштуруучулары/катышуучулары боло албайт:
1) оффшордук зоналардын аймактарында жашаган жана (же) катталган жеке жана юридикалык жактар;
2) тизмеси Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү (мындан ары - КИК/ККЛК) чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн террористтик же экстремисттик ишке катышкандыгы жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылткандыгы жөнүндө маалыматтар бар, катышкан адам катары жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмелериндеги (улуттук тизме) жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле алардын аффилирленген жактары;
3) өз иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды жана юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин ишенимдүү идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк берүүчү кандай болбосун башка маалыматтарды/документтерди белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органга бербеген же юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин ишенимдүү идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк бербеген мындай маалыматтарды берген жеке жана юридикалык жактар;
4) Кыргыз Республикасынын жана (же) чет мамлекеттин сотунун чечими менен же чет мамлекеттин мыйзамдары менен ишкердик, инвестициялык же башка чарбалык ишти жүргүзүүгө, юридикалык жактардагы үлүштөргө (акцияларга) ээлик кылууга же аларды тескөөгө тыюу салынган же чектөө коюлган жеке жана юридикалык жактар.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү юридикалык жактардын лизинг ишин кошпогондо, лизинг ишинин саясатын ишке ашыруу, жөнгө салуу, көзөмөл жүргүзүү, лицензиялык контролдоо жана лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) саналат.