Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
бешинчи сессиясы
2025-жылдын 11-июлундагы №5/4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жыл №715 токтомуна ылайык “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргондарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” Келишимине макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жыл №715 токтомуна ылайык “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” Келишимине макулдук берүү максатындагы Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовдун 2025-жылдагы № 01-3/1164 сндуу кайрылуусуна негиз, Кара-Камыш айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартипти сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап, сессия
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жыл №715 токтомуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргондарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” Келишимине макулдук берилсин.
2. Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовго ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчунө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Камыш айыл аймагын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Кантемир уулу Илгизге жүктөлсүн.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |