Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
бешинчи сессиясы
2025-жылдын 11-июлундагы №5/5
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн Кабактын-Дөнүндөгү 2457 м узундуктагы каналды Аксы райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүү жөнүндө.
Кара-Камыш айыл өкмөтүнө караштуу Кез-Арт, Кара-Суу, Жүзүмжан, Топ-Жангак айылдарындагы суу пайдалануучулардын атынан келген кайрылууну карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Камыш айыл өкмөтүнө караштуу Кез-Арт, Кара-Суу, Жүзүмжан, Топ-Жангак айылдарындагы суу пайдалануучулардын атынан келген кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кабактын-Дөңүндөгү Ак-Терек суу насосунан баштап суу пайдалануучулардын үлүш жерлерине чейинки 2457 м узундуктагы каналы мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
3. Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |