Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2025-жылдын 22-августундагы №6/1
Кара-Камыш айылдык кеңешинин иш кагаздарын
мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнчатиптүү нускаманын 3-бөлүгүнүн 25-пунктуна ылайык Кара-Камыш айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссия жана Айыл-чарба, жайыт, жер, экология, чек-ара, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиялардын 24-июлундагы №26 корутундусун карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш кагаздары “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү” боюнча типтүү нускаманын 3-бөлүгүнүн 25-пунктуна ылайык мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.
2. Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |