Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2025-жылдын 22-августундагы №6/2
“Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Т.А.Баймурзаевдин катына жана Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовдун 2025-жылдын 28-июлундагы №01-7/197 сандуу кайрылуусуна негиз Кара-Камыш айылдык кеңешинин Айыл-чарба, жайыт, жер, экология, чек-ара, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын корутундусун карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач айылынын А.Шерипбаев 2/1 көчөсүндөгү автобекетин Кара-Камыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2.Келип чыккан маселелерди чечүү жагы Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовго жүктөлсүн.
3.Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Айыл-чарба, жайыт, жер, экология, чек-ара, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |