Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2025-жылдын 22-августундагы №6/4
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине лицензия салыгынан ашыкча келип түшкөн каражатты айыл өкмөтүнүн зарыл болгон жумуштарына, киреше жана чыгаша бөлүгүнүн кошумча планына олтургузуу жөнүндө.
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовдун 12.08.2025-жылдагы №01-3/1456 сандуу, айыл өкмөтүнүн бюджетине лицензия салыгынан ашыкча келип түшкөн каражатты айыл өкмөтүнүн зарыл болгон жумуштарына бөлүү боюнча кайрылуусуна негиз Кара-Камыш айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 14151200 беренесинен жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы салыгы планынан ашыкча түшкөн 3450,0 мин сом акча каражаты жана Республикалык бюджеттен №40 Э.Четинбаев атындагы бала бакчада иштөөчү кызматкерлердин эмгек акысына бөлүнгөн каражатты 1855,5 мин сом, учурдагы жардам беренесинен түшкөн 82,1 мин сом акча каражаты киреше бөлүгүнө планга коюлуп берилсин.
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн планы:
2.70111–бөлүктүн 2215-беренесине Айыл өкмөтүнүн балансында турган мекеме-ишканалардын имараттарын камсыздандыруудан өткөрүү үчүн - 181,7 мин сом,
3.70111-бөлүктүн 2215 беренесине ар түрдүү чыгымдарга - 610,2 мин сом.
4.70111-бөлүктүн 3112-беренесине Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына ноутбук сатып алуу үчүн – 70,0 мин сом.
5.70111-бөлүктүн 2215-беренесине “муниципалитет” журналына жазылуу үчүн - 9,0 мин сом.
6.70111-бөлүктүн 2215-беренесине Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзуна мүчөлүккө акы төлөө үчүн - 36,3 мин сом.
7.70911-бөлүктүн 3111-беренесине Э.Четинбаев мектебин бала-бакчага даярдоо үчүн ички ремонтунун курулуш жумуштарына – 1309,4 мин сом.
8.70921-бөлүктүн 2222-беренесине А.Молдокеев мектебинин алдындагы бала бакчанын балдар ойноочу аянтчасынын тосмосун тосуу үчүн – 54,5 миң сом.
9.70911-бөлүктүн 3112-беренесине Э.Четинбаев мектебине видео көзөмөл орнотуу үчүн – 41,0 миң сом.
10.70921-бөлүктүн 2222-беренесине А.Жаныбеков мектебинин 1-корпусуна көмүркана даярдоо үчүн – 42,0 миң сом.
11.70921-бөлүктүн 2221-беренесине К.Кенжебаев мектебине генератор жана печка (топка) сатып алуу үчүн – 150,0 миң сом.
12.70921-бөлүктүн 3111-беренесине Э.Четинбаев мектебин бала-бакчага даярдоого ички курулушунун бүтбөгөн жумуштарын кошумча жасатуу үчүн – 250,0 миң сом.
13.70911-бөлүктүн 3111-беренесине “Балакай” бала бакчага ички курулушунун бүтбөгөн жумуштарын кошумча жасатуу үчүн – 260,0 миң сом.
14.70921-бөлүктүн 2222-беренесине №23 К.Чекиров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин короосун жылдыруу үчүн материал сатып алуу үчүн– 100,0 миң сом.
15.70629-бөлүктүн 2214-беренесине погрузчикке тетиктерди сатып алуу үчүн – 170,0 миң сом.
16.70629-бөлүктүн 2222-беренесине Сыны айылындагы каналга лоток куюу үчүн – 50,0 миң сом.
17.70629-бөлүктүн 2222-беренесине Кара-Жыгач айылындагы мечиттин тушундагы көчөнүн 7,5 сотых аралыгына жашылдандыруу үчүн тосмо орноттуга керектелүүчү маткриалдарды сатып алуу үчүн – 100,0 миң сом.
18.70111–бөлүктүн 2215-беренесине Хелветас Свисс Интеркорпорейшн Ассосациясынын “Дараметти жогорулатуу” долбоору боюнча өткөрүлүүчү сынак үчүн - 15,9 мин сом,
Жалпы чыгаша 3450,0,0 сом.
19. Кара-Камыш айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү №40 Э.Четинбаев атындагы бала бакчада иштөөчү кызматкерлердин 2025-жылдын баштап эмгек акысы 1855,5 сом акча каражаты планга коюлуп берилсин.
20. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын башчысына жыл ичиндеги чыгаша бөлүгүндөгү беренеден беренеге жылдырууну буйрук аркылуу аткарууга уруксат берилсин.
21. Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
22. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Назарбековго жүктөлсүн.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |