Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2025-жылдын 22-августундагы №6/5
“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн акча каражаттарынын эсебинен автотранспорт сатып алуу жөнүндө.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-июлундагы №238 тескемесин аткаруу үчүн “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө “Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине ылайык Кара-Камыш айылдык кеңешинин “бюджет, финансы, инвестиция жана муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз Кара-Камыш айылдык кеңешинин кезексиз алтынчы сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кара-камыш айыл аймагынын айыл өкмөтү дотациялык камсыздоодо тургандыгына байланыштуу, автотранспорт сатып алуу үчүн лизингдик төлөмдөрдү төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экендигин эске алып, көмөк көрсөтүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Назарбековго тапшырылсын.
3.Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага |
Айтымбет уулу Э |