Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2025-жылдын 22-августундагы №6/6
Швейцария өкмөтүнүн ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркрпорейшн Ассосациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы тарабынан каржыланган “Дараметти жогорулатуу” долбоору боюнча Кара-камыш айыл аймагындагы айылдар арасында өткөрүлүүчү сынактын Жобосун бекитүү жөнүндө.
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Султамуратовдун 2025-жылдын 15-августундагы №01-7/207 сандуу кайрылуусуна негизинде Кара-Камыш айылдык кеңешинин айыл-чарба, жайыт, жер, экология, чек-ара, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын кортунудусун карап талкуулап, кезектеги алтынчы сессия
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Швейцария өкмөтүнүн ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркрпорейшн Ассосациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы тарабынан каржыланган "Дараметти жогорулатуу" долбоору боюнча Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн, айылдар арасындагы тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты таза айыл иши боюнча Кара-Камыш айыл аймагынын айылдарынын ортосунда өткөрүлүүчү сынактын Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме 2 баракта.
2. Айылдар арасында өткөрүлүүчү сынакты баалоо үчүн түзүлүүчү комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар сунушталсын;
1). Базарчиева Гүлмира Каланбаевна
2). Чыныбеков Арстанбек Манасович
3). Калыбекова Каныкей Романовна
4). Мазакеев Шайымбек Турдубаевич
3. Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын
Төрага |
Айтымбет уулу Э |