Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын VII сессиясы
2025-жылдын 29-июлундагы №42
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкуловдун 2025-жылдын 6 айындагы Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча жана Торкен тазалык муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 6 айындагы аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 33, 34-беренелерин, Абды Суеркулов айылдык кеңешинин 6.12.2024-жылдагы №6-токтому менен бекитилген Регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкуловдун 2025-жылдын 6 айындагы Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча жана Торкен тазалык муниципалдык ишканасынын 2025-жылды 6 айындагы аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкуловдун 2025-жылдын 6 айындагы Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча жана Торкен тазалык муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 6 айындагы аткарган иштери боюнча отчету канаатандырарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов |