Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын VII сессиясы
2025-жылдын 29-июлундагы №43
Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 6 айындагы үнөмдөлгөн каражаттарды беренелерге жылдыруу жана республикалык бюджеттен түшкөн каражатты бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 33-34-беренелерин, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 48,51,78-беренелерин, Абды Суеркулов айылдык кеңешинин 6.12.2024-жылдагы №6-токтому менен бекитилген Регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 6 айындагы үнөмдөлгөн каражаттарды беренелерге жылдыруу жана республикалык бюджеттен түшкөн каражатты бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 6 айындагы үнөмдөлгөн чыгаша боюнча электр чубалгыларына каралган 2222 беренесинен 1302,8 миң сом, Алымбеков мектебинин терезелерин алмаштырууга каралган 3111 беренесинен 600,0 миң сом, метапневмавирус оорусуна каршы каражаттарды сатып алууга деп каралган 2222 беренесинен 260,0 миң сом, жалпы 2162,8 мин сом жана бала бакча бөлүмүнүн атайын эсебинин 2218 беренесиндеги 123,7 миң сом төмөнкү беренелерге жылдырылсын:
- Алымбеков мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу, Көтөрмө клубунун капиталдык ремонту жана Суусамыр көпүрөсүн куруу жумуштарына технадзор кызматына 250,0 миң, Сары-Сөгөт айылынын жолун ондоого 200,0 миң, айыл чарба каттоосуна баннер, таркатуучу материал жасатууга 9,0 миң сом жалпы 459,0миң сом аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине;
- Айыл чарба каттоосуна керектелүүчү күйүүчү май сатып алууга 93,0миң сом, Торкен айылынын Көкүрөк участогунун жолун ондоого күйүүчү май сатып алууга 70,0сом, жалпы 163,0миң сом, аппараттын бөлүмүнүн 2214 беренесине;
- Торкен айылынын Көкүрөк участогунун жолун ондоого материал сатып алууга 30,0сом, Кара-Жыгач айылына насос сатып алууга 75,0 миң, айыл чарба каттоосуна канцелярдык товар сатып алууга 13,0 миң сом жалпы 88,0миң сом, Торкен ГСВны королоого керектүү каражаттарды сатып алууга 23,8 миң, жалпы 141,8 миң сом аппарат бөлүмүнүн 2222 беренесине;
- Бала бакча бөлүмүнүн атайын эсептеги 2218 беренесиндеги 123,7миң сом, аппарат бөлүмүнө канцелярдык товар сатып алууга 70,0 миң сомго 2222 беренесине, аппарат бөлүмүнө компьютерлерди ремонттоого 53,7миң сом 2221 беренесине;
- Чокоев мектебине 3 сааттык бала бакчага керектүү каражаттарды сатып алууга өздүк салымга 265,0 миң сом, Алымбеков мектебине ажаткана курууга керектүү каражаттарды сатып алууга 162,0 миң сом, Мектептерге видео көзөмөл орнотууга 373,0 миң сом, Жамгырканов мектебинин футболдук аянтчасына керектелүүчү каражаттарга 130,0 миң сом, жалпы 1290,0 миң сомду мектеп бөлүмүнүн 2222 беренесине;
- Алымбеков мектебине панель сатып алууга өздүк салым үчүн 360,0 миң сом мектеп бөлүмүнүн 3112 беренесине;
- Сезим Келечеги бала бакчасынынын өрт коопсуздугун алдын алууга жумуштарына 109,0 миң сом бала бакча бөлүмүнүн 2215 беренесине;
2. 2025-жылдын башындагы бюджеттин чыгаша бөлүгүндө каралган социалдык жактан кароосуз карыларга көмүр сатып алууга каралган социалдык бөлүмдөгү 2721 беренесинин 120000сому ошол эле бөлүмдүн 2224 беренесине, Бостектир жаңы конушунун мектепке баруучу жолун оңдоого каралган 200,0миң сомдун, 50,0миң сому материал сатып алууга 2222 беренесине, 150,0миң сому күйүүчү май сатып алууга 2214 беренесине жылдырылсын.
3. Республикалык бюджеттин максаттуу гранттынан түшкөн 14368,2 миң сом акча каражатын Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу 6 айылдын генералдык планын чийүү кызматына аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине бөлүнсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, аткаруу жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов |