Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын VIII сессиясы
2025-жылдын 26-августундагы №46
Абды Суеркулов айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамын толуктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 33-39-беренелерин, Абды Суеркулов айылдык кеңешинин 6.12.2024-жылдагы №6-токтому менен бекитилген Регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын 24-июль 2025-жылдагы VI сессиясынын №35-токтомунун 3-пунктун жокко чыгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын 24-июль 2025-жылдагы VI сессиясынын №35-токтомунун 3-пункту айылдык кенештин компетенциясына кирбегендиктен жокко чыгып, токтомдон алынып салынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов |