Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын VIII сессиясы
2025-жылдын 26-августундагы №47
Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин айрым беренелерин жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 33-34-беренелерин, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 48,51,78-беренелерин, Абды Суеркулов айылдык кеңешинин 6.12.2024-жылдагы №6-токтому менен бекитилген Регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин айрым беренелерин жылдыруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин Торкен айылынын Көкүрөк участогунун жолун ондоого күйүүчү май сатып алууга каралган аппараттын бөлүмүнүн 2214 беренесиндеги 70,0миң сом, Торкен айылынын Көкүрөк участогунун жолун ондоого материал сатып алууга аппарат бөлүмүнүн 2222 беренесиндеги 30,0миң сом, Бостектир жаңы конушунун мектепке баруучу жолун оңдоого каралган аппарат бөлүмүнүн 2214 беренесиндеги 170,0миң сом, Бостектир жаңы конушунун мектепке баруучу жолун оңдоого каралган аппарат бөлүмүнүн 2222 беренсиндеги 50,0миң сом жалпы 300,0миң сом Торкен-тазалык муниципалдык ишканасына которуу үчүн 2215 беренесине жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, аткаруу жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн..
Төрага |
Ш.Мукушов |