Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын IX сессиясы
2025-жылдын 10-октябрындагы №49
Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы
№ 1 протоколунун негизинде кезектеги IV Элдик Курултайга Абды Суеркулов айыл аймагында делегаттарды шайлоо боюнча календардык планга ылайык өткөрүү мөөнөттөрүн бекитүү, жергиликтүү жыйындын катышуучуларынын квотасынын санын аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 33, 34-беренелерин, Абды Суеркулов айылдык кеңешинин 6.12.2024-жылдагы №6-токтому менен бекитилген Регламентин жетекчиликке алуу менен Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 1 протоколунун негизинде кезектеги IV Элдик Курултайга Абды Суеркулов айыл аймагында делегаттарды шайлоо боюнча календардык планга ылайык өткөрүү мөөнөттөрүн бекитүү, жергиликтүү жыйындын катышуучуларынын квотасынын санын аныктоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобосунун календардык планына ылайык Абды Суеркулов айыл аймагында коомдоштуктардын жыйыны айылдарда 20-октябрдан 24-октябрга чейин өткөрүлсүн жана өкүлчүлүктүү жыйын 1-ноябрга чакырылсын.
2. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүк ченемине ылайык өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын жалпы саны 80 өкүлгө бекитилсин жана IV Элдик Курултайга катышууга Абды Суеркулов айыл аймагынан 2делегат шайлансын.
3. Айыл аймакта өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучулардын саны Торкен айылында 30адам, Кара-Жыгач 10адам, Көтөрмө айылында 10адам, Сары-Сөгөт айылында 15адам, Коргон айылында 5адам, Бел-Алды айылында 10адамга квотасы бекитилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, этика маселеси, атуулдардын арыз даттанууларын жана кайрылууларын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов |