Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын IX сессиясы
2025-жылдын 10-октябрындагы №51
Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылындагы мини футбол имаратына Торкен айылынын тургуну Додоев Алмазбек Асанбаевичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 33-39-беренелерин, Абды Суеркулов айылдык кеңешинин 6.12.2024-жылдагы №6-токтому менен бекитилген Регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылындагы мини футбол имаратына Торкен айылынын тургуну Додоев Алмазбек Асанбаевичтин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылындагы мини футбол имаратына Торкен айылынын тургуну Додоев Алмазбек Асанбаевичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, этика маселеси, атуулдардын арыз даттанууларын жана кайрылууларын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына, аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин..
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов |