Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын IX сессиясы
2025-жылдын 10-октябрындагы №52
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө кошумча келип түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана айрым беренелерди өзгөртүп жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 33-39-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 9-13-беренелерин, Абды Суеркулов айылдык кеңешинин 6.12.2024-жылдагы №6-токтому менен бекитилген Регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө кошумча келип түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана айрым беренелерди өзгөртүп жылдыруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2025-жыл ичинде атайын эсептин бала бакчасы кошумча тайпа ачкандыгына жана ата энелер взносунун суммасы көбөйгөнүнө байланыштуу ата-энелер взносунан түшкөн 1257,5 миң сом, аппарат бөлүмүнө башка булактардан түшүүчү 50,0 миң сом акча каражаттарына төмөнкү беренелерге кошумча планга коюлсун, аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине 239,0миң каралсын жана 3111 беренесинен 2000,0 сом, 2215 беренесинен 269,0 миң сом акча каражаттары төмөнкү беренелерге жылдырылсын:
-Аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине 239,0 миң сом акча каражаты каралсын;
-Аппарат бөлүмүнүн 2214 беренесине 25,0 миң сом, 2222 беренесине 25,0 миң, 3112 беренесине 160,0 миң сом; 2121 беренесинен 2211 беренесине 200,0 миң сом жылдырылсын.
-Мектеп бөлүмүнө көмүр сатып алууга 2224 беренесине 240,0миң сом; өрт коопсуздугун алдын алууга 2215 беренесине 1006,0 миң сом; компьютер процессорун сатып алууга 3112 беренесине 40,0миң сом;
-Бала бакча бөлүмүнө өрт коопсуздугун алдын алууга 2215 беренесине 108,0 миң сом; кошумча тайпа ачууга 2222 беренесине 200,0 миң сом;
-Клуб бөлүмүнө музыкалык аппаратура жана көшөгө сатып алууга 3112 беренесине 378,0 миң сом; чарба буюмдарын сатып алууга 2222 беренесине 87,0 миң сом;
-Атайын эсептин бала бакча бөлүмүнө кошумча келип түшкөн балдардын тамак ашына 2218 беренесине 1257,5 миң сом; аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине 50,0 миң сом акча каражатына кошумча план коюлсун.
2. “Торкен тазалык” муниципалдык ишканасына долбоордук иш кагаздарга каралган 2215 беренесиндеги 158,0 миң сом акча каражатын 2214 беренесине 100,0сом; 2222 беренесине 58,0 миң сом жылдырылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, этика маселеси, атуулдардын арыз даттанууларын жана кайрылууларын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына, аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин..
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов |