Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын X сессиясы
2025-жылдын 21-ноябрындагы №54
Торкен айылындагы мини футбол аянтчасынын чыгыш тарабындагы муниципалдык жерден спорт зал курууга 0,30га жер аянтына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 33, 34-беренелерин, Абды Суеркулов айылдык кеңешинин 6.12.2024-жылдагы №6-токтому менен бекитилген Регламентин жетекчиликке алуу менен Торкен айылындагы мини футбол аянтчасынын чыгыш тарабындагы муниципалдык жерден спорт зал курууга 0,30га жер аянтына макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Торкен айылындагы мини футбол аянтчасынын чыгыш тарабындагы муниципалдык жерден спорт зал курууга 0,80га жер аянтына макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Абды Суеркулов айылдык кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына, аткаруу жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов |