Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин I чакырылышынын X сессиясы
2025-жылдын 21-ноябрындагы №57
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү айрым беренелерди жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 33-39-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 9-13-беренелерин, Абды Суеркулов айылдык кеңешинин 6.12.2024-жылдагы №6-токтому менен бекитилген Регламентин жетекчиликке алуу менен Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү айрым беренелерди жылдыруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин I чакырылышынын X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү мектеп бөлүмүнүн 2222 беренесинен 3112 беренесине 178,2 миң сом жылдырылсын.
2. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү аппарат бөлүмүнүн электр чубалгыларына каралган 2222 беренесинен 1302,8 миң сом акча каражаты, аппараттын 2211 беренесине 100,0 миң сом, 2215 беренесине 1068,0 миң сом, 2222 беренесине 90,0 миң сом, мектептин 2222 беренесине 44,8 миң сом жылдырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Абды Суеркулов айылдык кеңешинин Экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин..
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага |
Ш.Мукушов |