Загрузка документа…
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июлундагы № 498 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу, даярдоо жана көчүрүү эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултуу, даярдоо жана көчүрүү эрежелери (мындан ары – Эрежелер) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чогултууну, даярдоону жана көчүрүүнү жөнгө салуунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт, ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоону жана туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу үчүн аларды пайдалануу, акклиматташтыруу, гибриддештирүү, коргоо жана мониторинг жүргүзүү тартибин белгилейт.
2. Бул Эрежелер төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
1) айыл чарба өсүмдүктөрүнө;
2) короо-жай тилкесинде, жеке көмөкчү чарба жүргүзүү, багбанчылык, дача куруу жана чарбакчылык үчүн тилкелерде өскөн өсүмдүктөргө.
3. Ушул Эрежелерде колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
өстүрүү (культивациялоо) – андан ары пайдалануу максатында адам тарабынан аныкталган шарттарда жана кырдаалда өсүмдүк дүйнөсүнүн объекттерин багуу жана көбөйтүү (уруктук же вегетативдик);
долбоордун демилгечиси – өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин көчүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө сунуш менен чыккан, анын максаттуу багытын аныктаган жана аны ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун негиздеген юридикалык же жеке жак;
өсүмдүктөрдүн өсүүчү жери – өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн өсүшү жана өнүгүшү үчүн табигый шарттары бар жер тилкеси же суу объекти;
особь (индивид) – өзүнө таандык түрүнө тиешелүү бардык белгилерге ээ болгон жана бир эле учурда ошол эле түрдөгү башка организмдерден айырмалаган морфологиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрү бар өзүнчө тирүү организм;
көчүрүү (отургузуу) – өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектин андан ары культивациялоо (өстүрүү) менен же агротехникалык коштоосуз өскөн аймактын чегинде же анын чегинен сырткары которуу;
өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу – өсүмдүк ресурстарын пайдалануу боюнча юридикалык жактан регламенттелген иш;
өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануучу – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга укук берилген жеке же юридикалык жак;
популяция – узак убакыт бою өзүнүн ареалынын бир бөлүгүндө жашаган жана ошол эле түрдөгү особдордун башка окшош топторунан обочолонгон бир түрдөгү особдордун жыйындысы;