Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XI сессиясынын
2025-жылдын 19-июнундагы №44
Арал, Бирдик айылдарынын генпланын түзүү үчүн республикалык бюджеттен максаттуу трансфертке түшкөн 3 556 100 (үч миллион беш жүз элүү алты миң бир жүз) сомду, Атай айыл өкмөтүнүн аппаратынын 2215-беренесине отургузуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 17-октябрь 2024-жылдагы №631 токтомунун негизинде республикалык бюджеттен максаттуу трансфертке Арал, Бирдик айылдарынын генпланын тузүү үчүн келип түшкөн 3 556 100 (үч миллион беш жүз элүү алты миң бир жүз) сомду Атай айыл өкмөтүнүн аппаратынын 2215-беренесине отургузуп берүү боюнча Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 18.06.2025-жыл №171 сандуу чыгыш катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык “ Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 17-октябрь 2024-жылдагы №631 токтомунун негизинде республикалык бюджеттен максаттуу трансфертке Арал, Бирдик айылдарынын генпланын тузүү үчүн келип түшкөн 3 556 100 (үч миллион беш жүз элүү алты миң бир жүз) сом Атай айыл өкмөтүнүн аппаратынын 2215-беренесине отургузулуп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы ФЭБ башчы З.Ташматовко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана айылдык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|