Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XI сессиясынын
2025-жылдын 19-июнундагы №45
Финансы каражаттарын жылыштыруу жөнүндө.
Атай айыл аймагынын Арал айылынын Б.Турдубаева көчөсүнө, Атай айылынын ички жолдоруна жана Бирдик айылынын Сүйналиев көчөсүнө жана айланма (объезд) көчөсүнө шагыл төгүү үчүн аппараттын 3112 беренесинен жалпы 950 000 (тогуз жүз элүү миң) сомду аппараттын 2221 беренесине жылдырып берүү жана Атай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин атайын каражатына, киреше бөлүгүнүн 14232400 беренесине 900 000 (тогуз жүз миң) сом, чыгаша бөлүгүнө бала бакчанын 2218 беренесине 900 000 (тогуз жүз миң) сом кошумча план бөлүп отургузуу жөнүндө Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 18.06.2025-жылдагы №170 сандуу чыгыш катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аппараттын 3112 беренесинен аппараттын 2221 беренесине көчөлөргө шагыл төгүү үчүн: Арал айылынын Б.Турдубаева көчөсүнө 650 000 (алты жүз элүү миң) сом, Атай айылынын ички жолдоруна шагыл төгүү үчүн 150 000 (бир жүз элүү миң) сом, Бирдик айылынын Сүйналиев көчөсүнө жана айланма (объезд) көчөсүнө шагыл төгүү үчүн 150 000 (жүз элүү миң) сом, жалпы 950 000 (тогуз жүз элүү миң) сом жылдырылып берилсин.
2. Атай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин атайын каражатына, киреше бөлүгүнүн 14232400 беренесине 900 000 (тогуз жүз миң) сом, чыгаша бөлүгүнө бала бакчанын 2218 беренесине 900 000 (тогуз жүз миң) сом кошумча план бөлүп отургузулсун.
3. Финансы каражаттарын бир беренеден экинчи беренеге жылдыруу жагы ФЭБ башчысы З.Ташматовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана айылдык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|