Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XI сессиясынын
2025-жылдын 19-июнундагы №46
Жер участокторун бир түрдөн башка түргө которуу (трансформациялоо) жөнүндө.
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 18.06.2025-жылдагы №01-12/2036 сандуу чыгыш катындагы Атай айыл аймагына караштуу №237 контурдагы “Сары-Талаа” участкасындагы 31,2 (отуз бир гектар жыйырма сотых) гектар кайрак айдоо жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга токтом чыгарып берүү боюнча катын жана Атай айылдык кеңешинин «Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Муса уулу Жанайдын корутундуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пункттуна ылайык Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагына караштуу №237 контурдагы “Сары-Талаа” участкасындагы 31,2 (отуз бир гектар жыйырма сотых) гектар кайрак айдоо жер тилкеси “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жол долбоорунун алкагында пиротехникалык буюмдарды сактоо жана ташуу коопсуздук стандарттарын камсыз кылуу максатында кампа куруу үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
3. Трансформация болгон жер аянттарын натыйжалуу, эффективдүү мыйзам чегинде пайдалануу жана “БайИй” ЖЧК ишканасы менен 6 (алты) жылга 2 (эки) тараптуу келишим түзүп, токтомду аткарууга алуу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айылдык кеңешинин «Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|