Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XII сессиясынын
2025-жылдын 1-августундагы №47
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-июнундагы №238 тескемесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесине ылайык “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн акча каражаттарынын эсебинен лизингке автоунаалар сатылуу каралып жаткандыгына байланыштуу Атай айыл өкмөтүнө “Шевроле Треккер” маркасындагы авто унааны алуу боюнча Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 31.07.2025-жылдагы №01-12/2734 сандуу чыгыш катын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин муктаждыктарына ылайык, кызматтык автоунаа менен камсыздоо максатында Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» тарабынан лизингке кызматтык автоунаа «Шевроле Треккер» алынсын.
2. Алынган кызматтык автоунааны лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингке алынган техникаларын өз эсебинен башка чыгашалардын акча каражатынан каралсын.
3. Кызматтык автоунаанын төлөмдөрү 5 жыл аралыгында төлөө жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
4. «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айылдык кеӊешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|