Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XII сессиясынын
2025-жылдын 1-августундагы №48
Комбайндын 1 га жер аянтындагы данды чапкан баасын жана Сары-Талаа участогунан түшкөн чөптүн, арпанын баасын бекитүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин комбайндын 1 га жер аянтындагы данды чапкандыгы үчүн комбайндын кызмат акысын коюу жана Сары-Талаа участогунан түшкөн чөптүн, арпанын баасын коюу, бекитип берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 34-беренесине ылайык, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Комбайндын 1га жер аянтындагы данды чапкан кызмат акысынын баасы 4500 (төрт миң беш жүз) сом деп бекитилсин.
2. Сары-Талаа участогунан түшкөн чөптүн (пресстин) баасы 200 (эки жүз) сом, арпанын баасы 17 (он жети) сом деп бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы “Атай” МИнын башчысы М.Шабданбековко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана Атай айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|