Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
XIII сессиясынын
2025-жылдын 20-августундагы №49
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата социалдык -экономикалык өнүктүрүү программасынын жана жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Мыйзамынын 54-беренесинин 4-пункттуна, Атай айылдык кеңешинин регламентинин 2.2-пункттунун 2-3-5-11-подпункттуна ылайык, Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 2025-жылдын 6 (алты) айына карата иш-аракеттер планынын аткарылган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата социалдык -экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы боюнча отчету алымча-кошумчасы менен канааттандырылсын.
2. Атай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата киреше бөлүгү 13269,3 сомго, жана чыгаша бөлүгү 12163,2 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. «Атай» муниципалдык ишканасы тарабынан “тазалык” боюнча бир да түтүн менен келишим түзүлбөгөндүгү жана “ичүүчү суу” үчүн келишим жалпы 147 ичүүчү сууну пайдалануучу түтүндүн 78 түтүнү менен гана түзүлгөндүгү үчүн “Атай” муниципалдык ишканасынын директору М.Шабданбековко тартиптик чара көрүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
4. “Атай” МИсынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын 9 (тогуз) айында аткарган иштеринин маалыматы (“Атай” МИсынын карамагындагы арендага берилген техникалардын аренда акысын, эки комбайндын техникалык абалы боюнча маалыматын, Сары-Талаанын чөбүнүн, арпасынын 2024-жылга түшкөн кирешеси жана 2025-жылдын 9 (тогуз) айына карата түшкөн кирешеси боюнча маалыматы) Айыл өкмөтүнүн 9 (тогуз) айлык маалыматында каралсын.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
6. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке тапшырылсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|