Редакцияот 20.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги

XIII сессиясынын

 

2025-жылдын 20-августундагы №50

 

Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план киргизүү жөнүндө

Атай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга калктуу конуштардын ижарасы үчүн акы салыгынан (коду 14152100) (Нуртелекомдон, Альфателекомдон) 2023-2024-жылдар үчүн убагында төлөнбөй калган сумма 2025-жылда түзүлгөн келишимдин негизинде бюджетке түшүп жаткандыктан, 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө 476,1 (төрт жүз жетимиш алты миң бир жүз) сомду кошумча план кылып киргизип берүү жана Атай айыл аймагындагы №5 Барктабас орто мектебине меш алууга, “Актан” бала бакчасына меш алууга бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 3112 беренесине сметага кошумча планга коюу боюнча Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 05.08.2025-жылдагы №01-12/2835 сандуу чыгыш катын, Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясын корутундусун угуп жана талкуулап, Атай айылдык кеңешинин регламентинин 2.2-пункттунун 2-подпункттуна ылайык Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1. Атай айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө жалпы 476,1 (төрт жүз жетимиш алты миң бир жүз) сом кошумча план киргизилсин.

 

2. Жогорудагы кошумча планы төмөндөгүдөй чыгымдалсын:

- №5 Барктабас атындагы орто мектебине меш алуу үчүн мектептин чыгаша бөлүгүнүн 3112 беренесине 336,1 (үч жүз отуз алты миң бир жүз) сом;

- “Актан” бала бакчасына меш алуу үчүн бала бакчанын чыгаша бөлүгүнүн 3112 беренесине 140,0 (бир жүз кырк миң) сом;

 

3. Каралган кошумча 476,1 (төрт жүз жетимиш алты миң бир жүз) сомду Атай айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө отургузуп, максаттуу пайдалануу жагы ФЭБ башчысы З.Ташматовко милдеттендирилсин.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

 

5. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке тапшырылсын.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Атай айылдык кеңешинин төрагасы

 

С. Өскөнбай уулу