Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
XIII сессиясынын
2025-жылдын 20-августундагы №51
Финансы каражаттарын жылыштыруу жөнүндө.
Атай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинен чыгаша бөлүгүнө кошумча план кылып жалпы 680,0 миң ( (алты жүз сексен миң) сомду жылдырып берүү боюнча Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 31.07.2025 №01-12/2741 жана 18.08.2025 №01-12/2997 сандуу чыгыш каттарын, Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аппараттын 2025-жылга бюджетинин атайын каражатына киреше бөлүгүнүн 14411100 беренесине 130,0 миң сомду, чыгаша бөлүгүнүн 2222 беренесине кошумча план кылып отургузулсун.
2. Атай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн жалпы 1249,5 миң (бир миллион эки жүз кырк тогуз миң беш жүз) сом жылдырылып берилип, төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
- мектептин 2224 беренесинен (көмүр) 152,3 миң сомду , бала бакчанын -2224 беренесине, жаңы салынып жаткан “Жеткинчек” бала бакчасын кошумча көмүр менен камсыз кылуу үчүн;
- аппараттын 3111 беренесинен 350,0 миң сомду, аппараттын 2222 беренесине Атай айыл өкмөтүнө караштуу соц. объектилердин электр счетчиктерин акылдуу счетчиктер менен камсыз кылуу үчүн жылдырып берүүгө;
- мектептин 22311100 беренесинен (таза суу) 62,7 миң сомду, мектептин 22152100 беренесине 62,7 миң сомду таштанды чыгарууга;
- бала бакчанын 22311100 беренесинен (таза суу) 100,0 миң сомду, бала бакчанын 22152100 беренесине 100,0 таштанды чыгарууга;
- аппараттын 22311100 беренесинен (таза суу) 15,0 миң сомду, аппараттын 22311100 беренесине 15,0 таштанды чыгарууга:
- аппараттын 3111 беренесинен 500,0 сомду, аппараттын 2215 беренесине Арал, Бирдик айылдарына таза суу чыгарууга;
-мектептин теңдөөчү гранттан каралган 2224 беренесинен 69,5 миң сомду, мектептин 2215 беренесине жылдырып берүүгө;
2. Финансы каражаттарын бир беренеден экинчи беренеге жылдыруу жагы ФЭБ башчысы З.Ташматовко милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана айылдык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|