Редакцияот 20.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги

XIII сессиясынын

 

2025-жылдын 20-августундагы №52

 

Атай айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалын көтөрүүгө кошкон салымы бар жана айыл тургундарынын арасында кадыр баркка ээ болгон Атай айыл аймагынын тургундарын райондун “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүүгө сунуш берүү жөнүндө

Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин Атай айыл аймагынын айыл тургундарынын арасынан, айыл аймактын өнүгүшүнө кошкон салымы бар айыл тургундарын райондун “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Атай айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалын көтөрүүгө кошкон салымдары үчүн Атай айыл аймагынын төмөндөгү атуулдары райондун “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүүгө сунушталсын:

 

- Молдалиев Өмүрбек Сейталиевич;

 

- Кудагелдиев Нурдин Секелеңович;

 

- Төтөева Бүбүанар Бекташовна;

 

-Майрамтөрөев Жолдошбай Ишеналиевич;

 

2. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына Ө.Молдалиевди, Н.Кудагелдиевди, Б. Төтөеваны жана Ж.Майрамтөрөевди райондун “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү боюнча сунуш берилсин.

 

3. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.

 

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Атай айылдык кеңешинин төрагасы

 

С. Өскөнбай уулу