Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
XIII сессиясынын
2025-жылдын 20-августундагы №53
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө КР БШКнын Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы С.Моңолованын 13.08.2025-жылдагы №7/20 сандуу чыгыш катын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өтеөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Атай айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдери төмөндөгүдөй курамда толукталсын (Тиркеме тиркелет).
2.Токтом КР БШКнын Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана Атай айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|