Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
XIII сессиясынын
2025-жылдын 20-августундагы №54
Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы З.Акунованын “Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча” Атай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссия курамын бекитип берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо үчүн төмөндөгүдөй комиссия курамы бекитилсин:
-З.Акунова -Атай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы;
- Г.Салташова - Атай айыл өкмөтүнүн юристи;
- П.Найманова - Атай айыл өкмөтүнүн жер адиси;
- К.Эпеев - Арал айылынын тургуну, аксакалдар сотунун мүчөсү;
- У.Келгенбаев - Аксакалдар сотунун төрагасынын орун басары;
- К.Манапбаева - Атай айылдык кеңешинин депутаты;
- С.Каттообеков - Атай айылдык кеңешинин депутаты;
2. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана Атай айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|