Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
XIII сессиясынын
2025-жылдын 20-августундагы №55
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388, 404-беренелерине ылайык КЗ зоналдык коэффициентинин өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388,404-беренесине ылайык Атай айыл аймагында КЗ зоналдык коэффициентинин өлчөмүн бекитүү боюнча, Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салыктар боюнча башкы адиси С.Токтоназаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айылдык кеӊешинин Регламентинин 2-главасынын 2.2 -пункттуна ылайык,Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесине ылайык:
- Турак жай имараттар жана жайлар (үйлөр, батирлер) үчүн зоналдык коэффиценти КЗ=2 өлчөмүндө;
- Турак эмес имараттар жана жайлар (ишкердик максатта пайдаланган) үчүн зоналдык коэффиценти КЗ=1,3 өлчөмүндө;
- Үй жанындагы, короо жай багбанчылык -чарбак жер участогу үчүн зоналдык
коэффицент КЗ=1,3 өлчөмүндө белгиленсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |