Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
XIII сессиясынын
2025-жылдын 20-августундагы №56
“Комиссия курамын түзүү жөнүндө”
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун алкагында Атай айыл аймагындагы Үрүм-Баш участкасындагы Колбоор суусунун жанына курулган Кытай базасынын жумушчулары турмуш-тиричилик таштандыларын “Колбоор суусуна таштап, ичип жаткан суубузду булгап жатат” деген, айыл тургундарынын ооз эки кайрылууларын кароо үчүн Атай айыл өкмөтүнүн алдында коомдук уюмдардан, депутаттардан жана айыл тургундарынан турган комиссия курамын түзүү боюнча депутат А.Маленкулованын маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Колбоор суусунун жанына курулган Кытай базасынын жумушчулары турмуш-тиричилик таштандыларын Колбоор суусуна таштап жаткандыгын кароо боюнча Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында атайын айыл тургундарынан, коомдук уюмдардан жана депутаттардан турган комиссия курамы түзүлсүн.
2. Комиссия курамын түзүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы З.Акуновага милдеттендирилсин.
3. Комиссиянын чыгарган чечиминин негизинде иш алып баруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |