Редакцияот 20.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги

XIII сессиясынын

 

2025-жылдын 20-августундагы №57

 

Тынчтык жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 14.08.2025-ж. №27-19633 тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" ПЖ№ 54 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын "Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, Атай айыл аймагында калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу максатындагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Атай айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган XIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон объекттерде (жайларда) жана аймактарда төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбесин:

 

- жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин;

 

- дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 09:00гө чейин.

 

2. Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке, айыл башчыларына жана милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө:

 

- калктын эс алуусун камсыз кылуу максатында тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана аймактарга үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол бербөө;

 

 

 

 

 

- белгиленген убакыт аралыгында корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келээри тууралуу коомчулукка жана тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайлардын менчик ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.

 

 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

 

4. Бул токтомду көзөмөлдөө Атай айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Атай айылдык кеңешинин төрагасы

 

С. Өскөнбай уулу