Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
12-сессия
2026-жылдын 3-апрели № 56/XII-29
Кант шаарынын №5 жалпы билим берүү мектебине Алтыбасорова Токтогондун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери, спорт жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле Кант шаарындагы №5 жалпы орто билим берүү мектебинин директорунун мектепке Алтыбасарова Токтогондун ысымын ыйгаруу жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, Кант шаардык кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт:
Алтыбасарова Токтогон 1924-жылы Ысык-Көл облусунун Күрмөнтү айылында (азыркы Түп району) туулган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында, 1942-жылы жогорку адамгерчиликтигин жана жан аябастыгын көрсөтүп, блокададагы Ленинград шаарынан эвакуацияланган 150 баланы өз камкордугуна алып, алардын өмүрүн сактап калган. Анын камкордугунун, кайраттуулугунун жана энелик мээриминин аркасында бул балдар согуш аймагынан алыс жерде жашоого жана тарбия алууга мүмкүнчүлүк алышкан.
Согуш аяктагандан кийин Токтогон Алтыбасарова өз өмүрүн коомго кызмат кылууга арнап, 44 жылдан ашуун убакыт айылдык кеңештин катчысы болуп эмгектенген. Эмгек жолунда ал өзүнжоопкерчиликтүү, принципиалдуу жана эл арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери катары көрсөтө алган.
Баатыр эне катары сегиз баланы тарбиялап өстүрүп, аларга бийик адеп-ахлактык баалуулуктарды, эмгекчилдикти жана мекенчилдикти сиңирген. Өмүрүнүн аягына чейин өзү туулуп-өскөн Күрмөнтү айылында жашап, айылдаштарынын арасында татыктуу урмат-сыйга жана жогорку кадыр-баркка ээ болгон.
2015-жылы 11-июнда дүйнөдөн кайткан.
Токтогон Алтыбасарованын эрдиги коомчулукка кеңири таанылган. Ал кыргыз элинин кайрымдуулугунун жана адамгерчилигинин символуна айланган. Анын элеси Бишкек шаарындагы Даир Асанов атындагы Жеңиш паркында орнотулган Ленинград блокадасындагы балдарга арналган эстеликте түбөлүккө калтырылган.
Мамлекеттин жана элдин алдындагы өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн төмөнкү мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган:
– Кыргыз Республикасынын «Эмгек Баатыры» наамы (2024-жылдын 20-февралы, каза болгондон кийин) —Ленинград блокадасындагы балдарды сактап калууга жана тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн;
– II жана III даражадагы «Баатыр эне даңкы» ордендери;
– I жана II даражадагы «Эне даңкы» медалдары;
– Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин мааракелик даталарына арналган СССРдин жана Россия Федерациясынын мааракелик медалдары.
Анын өлкөнүн тарыхына кошкон зор салымын, бийик адеп-ахлактык сапаттарын, адамгерчиликтин жана мекенчилдиктин үлгүсүн эске алуу менен, ошондой эле анын ысымын түбөлүккө калтыруу жана өсүп келе жаткан муунду коомго кызмат кылуунун мыкты салттарынын негизинде тарбиялоо максатында
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алып,
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарындагы №5 жалпы орто билим берүү мектебине Токтогон Алтыбасарованын ысымы ыйгарылсын.
2. Билим берүү мекемесинин расмий аталышы төмөнкүдөй болуп белгиленсин:
«Кант шаарындагы Токтогон Алтыбасарова атындагы №5 жалпы билим берүү мектеби».
3. Кант шаарындагы Токтогон Алтыбасарова атындагы №5 жалпы билим берүү мектебинин директору О.В. Бабюкка төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
– мекеменин аталышынын өзгөрүшүнө байланыштуу мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүүнү камсыз кылсын;
– мектептин Уставына жана башка уюштуруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин;
– ыйгарылган ысымды эске алуу менен тарыхый мурастарды даңазалоого жана окуучуларды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоого багытталган маалыматтык, тарбиялык жана билим берүү иштерин уюштурсун.
4. Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга эсепке алуу жана каттоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү камсыз кылынсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери, спорт жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына (Г.Т. Байчубакова) жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Бейшебаев |