Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
12-сессия
2026-жылдын 3-апрели № 60/XII-29
Кант шаарынын Полевая көчөсүн Айткулов Асан атындагы көчөгө өзгөртүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин шаар куруу, өнөр жай, транспорт, коммуникациялар жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кант шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 6-февралындагы №01-16/788 катынын, ошондой эле Кант шаарынын тургундарынын Полевая көчөсүн Айткулов Асан атындагы көчөгө (каза болгондон кийин) өзгөртүү тууралуу кайрылуусун карап чыгып, Кант шаардык кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт
Айткулов Асан 1923-жылы Кант районунун Социалчы айылында туулган. 1941-жылы орто мектепти аяктагандан кийин мектепке математика мугалими болуп иштөөгө калтырылган. 1941-жылдын декабрь айында Кант райондук аскер комиссариаты тарабынан Кызыл Армиянын катарына чакырылган.
1943-жылдын ноябрь айында взвод командири катарында Житомир шаарын алуу учурунда оор жаракат алып, Свердлов облусунун Серов шаарындагы госпиталда алты ай дарыланган. 1942-жылы КПССтин катарына кирген.
Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Согуштан кайтып келгенден кийин мектеп директору болуп дайындалган. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик контролдоо министрлигинде улук контролёр болуп иштеген. Ден соолугуна байланыштуу кызматтан бошоп, кийин Кант районундагы Таш-Мойнок, Жээк жана башка орто мектептерде директор болуп эмгектенген.
Өмүрүнүн көп жылдарын педагогикалык ишмердүүлүккө арнап, Кант шаарынын жана Кант районунун өсүп келе жаткан муунун тарбиялоого жана билим берүүнү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон.
2013-жылдын март айында дүйнөдөн кайткан.
Мекен алдындагы сиңирген эмгеги жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган, анын ичинде:
– «Эрдик үчүн» медалдары (07.11.1942-ж., 01.03.1943-ж.);
– Кызыл Жылдыз ордени (01.09.1943-ж.);
– «Улуу Ата Мекендик согуштагы каармандыгы үчүн» медалы (06.06.1945-ж.);
– «Германияны жеңгендиги үчүн» медалы (10.06.1946-ж.);
– «Эмгектеги эрдиги үчүн» медалы (16.08.1960-ж.);
– I даражадагы УлууАта Мекендик согуш ордени (11.03.1985-ж.);
– Жуков медалы (19.02.1996-ж.) жана башка юбилейлик жана эскерүү медалдары.
Ал СССР Агартуу министрлигинин жана В.И. Ленин атындагы Бүткүл союздук пионер уюмунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз ССРинин жана СССРдин агартуу тармагынын отличниги.
Баатыр-пионер Кычан Жакыпов менен бир айылда жашап, аны менен достук мамиледе болгон. Шүкүрбек Бейшеналиевдин «Кычан» аттуу чыгармасында Атай деген ысым менен сүрөттөлгөн. Ошондой эле Москва шаарындагы «Педагогика» басмасында чыккан «Улуу Ата Мекендик согуштун баатыр мугалимдери» аттуу китепте ал тууралуу очерк жарыяланган.
Жогоруда белгиленгендердин негизинде
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын Полевая көчөсү Айткулов Асан атындагы көчө деп өзгөртүлсүн.
2. Көчөнү кайра атоо демилгечилерине ушул токтомго керектелген уюштуруучулук жана каржылык маселелерди чечүү милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жер ресурстары боюнча агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалына жана Ысык-Ата райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына эсепке алуу жана инвентаризациялык маалыматтарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар куруу, өнөр жай, транспорт, коммуникациялар жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Д. Ногоев) жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Бейшебаев |