Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
12-сессия
2026-жылдын 3-апрели № 61/XII-29
Алканова Аида Абдылдабековнага Кант шаарынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын, Кант шаарынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобону жетекчиликке алып, ошондой эле Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери, спорт жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Ысык-Ата райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын 2026-жылдын 18-февралындагы №01/233 каты менен Алканова Аида Абдылдабековнаны «Кант шаарынын Ардактуу жараны» наамына көрсөтүү тууралуу сунушун карап чыгып,
Төмөнкүлөрдү эске алуу менен:
Алканова Аида Абдылдабековна, 1971-жылдын 27-апрелинде туулган. Кант шаарынын тургуну жана 15 жылдан ашык убакыттан бери калкты социалдык коргоо тарагында эмгектенип келет.
Эмгек ишмердүүлүгүнүн жылдарында ал жогорку квалификациялуу, жоопкерчиликтүү жана принципиалдуу адис катары калыптанып, терең кесиптик билимге жана олуттуу тажрыйбага ээ экендигин көрсөттү.
Ал оор турмуштук кырдаалга туш болгон балдар жана майыптыгы бар жарандар менен социалдык иштерди жүргүзүп, белгиленген стандарттарга ылайык социалдык кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды багуу менен алектенген жеке ассистенттердин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт.
Шаар мэриясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиянын активдүү мүчөсү болуп, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин кароодо өзүнүн эрктүүлүгүн, демилгелүүлүгүн жана калыстыгын көрсөтүп келет.
Жогорку кесиптик этикасы менен айырмаланып, кесиптештеринин арасында кадыр-баркка жана калктын ишенимине ээ. Ал кесиптик квалификациясын дайыма жогорулатып, республикалык жана эл аралык семинарларга, тренингдерге жана окутуу программаларына катышып келет.
Көп жылдык ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана калкты социалдык коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн мамлекеттик, ведомстволук жана коомдук сыйлыктар менен, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин «Социалдык коргоонун отличниги» төш белгиси менен сыйланган.
Анын ишмердүүлүгү социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, алардын жашоо сапатын жогорулатууга жана Кант шаарынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган.
Сыйлыктары:
- Ысык-Ата райондук кеңешинин Ардак грамотасы, 18.10.2006-ж.;
- Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;
- Кант шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы, 17.10.2013-ж.;
- Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинин Ардак грамотасы;
- Кант шаардык кеңешинин Ардак грамотасы, 16.12.2022-ж.;
- Кыргыз Республикасынын Профсоюздар борбордук комитетинин төрагасынын Ардак грамотасы, 2024-ж.;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ардак грамотасы, 2017-ж.;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин «Социалдык коргоонун отличниги» төш белгиси, 2020-ж.;
- «Primary Health Care» Улуттук ассоциациясынын саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каты, 2022-ж.;
- Кант шаарынын мэриясынын ыраазычылык каттары, 2024-ж. жана Кант шаардык кеңешинин ыраазычылык каты, 2025-ж.;
- Кыргызстандын Демократиялык аялдар комитетинин «Жылдын мыкты инсаны» номинациясында диплому, 2025-ж.
Кант шаарынын жана Кант районунун тургундарынын арасында татыктуу урмат-сыйга ээ.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көп жылдык ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана калкты социалдык коргоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Алканова Аида Абдылдабековнага Кант шаарынын «Ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын.
2. Кант шаарынын мэриясы:
- белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини даярдоону камсыз кылсын;
- наамды тапшырууга байланыштуу чыгымдарды белгиленген тартипте карап, каржылоону камсыз кылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Бейшебаев |