Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 19-июнундагы №30
Үч-Терек айыл аймагында жайгашкан мекеме, ишканалар үчүн таштанды тарифин бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айыл аймагында жайгашкан мекеме, ишканалар үчүн таштанды ташып чыгаруунун тарифин карап берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Р.Омуркановдун сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын санитардык–экологиялык абалын жакшыртуу жана үй-тиричилик калдыктарын (таштандыларды) ташып чыгаруу боюнча коммуналдык кызматтар чөйрөсүндө өнүгүүгө шарттарды түзүү максатында, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл аймагында 2025-жылдын 01-июлунан тартып, айыл аймагында жайгашкан чоң соода түйүндөрү(супермаркеттер), банктар, май куюучу станциялар, техникаларды тейлөө станциялары(СТО) үчүн тиричилик калдыктарын (таштанды) ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн тарифи айына 500сом, майда дүкөндөр үчүн 250сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Таштанды таштоочу жайды тейлөө үчүн, таштанды таштоочу жайга өз алдынча таштанды төккөн жарандар же менчигинин түрүнө карабастан мекеме ишканалар, «ХОВО» жүк ташуучу автомашинасы менен төксө 1000 сом, «Хундай портер» болсо 200 сом өлчөмүндө, муниципалдык ишканага акы төлөө жагы жактырылсын.
3. Бекитилген тариф менен иш жүргүзүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына жана “Үч-Терек таза суу “муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |