Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 19-июнундагы №31
Үч-Терек айыл өкмөтүндө жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча орто мөөнөттүү планынын долбоорун даярдоо жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүндө жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча орто мөөнөттүү планын иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндөгү жайыт адиси К.Сыргабаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл аймагына караштуу жайыттарды рационалдуу башкарууда жана пайдаланууда реалдуу натыйжаларды ишке ашыруу жана жайыт колдонуучулар менен биргеликте жайыттарга аяр мамиле жасоо, деградация болгон жайыт аянттарын азайтуу жана жайыттарды жакшыртуу системасын өркүндөтүүгө шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктун жана «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө» Типтүү Жобону негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүндө жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча орто мөөнөттүү планы иштелип чыксын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына аталган пландын долбоорун иштеп чыгуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү боюнча иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Даярдалган долбоор Токтогул райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын кароосуна жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарына элдик талкууга сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, ветеринария, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
Төрага |
Г. Маленов |