Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 19-июнундагы №32
Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 31-майындагы кезексиз XI сессиясынын № 78 Токтому менен бекитилген, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө жобого өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 31-майындагы №78 токтому менен бекитилген , Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө жобого өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесин негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 31-майындагы №78 токтому менен бекитилген Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Ушул жобонун 5-бөлүмүнүн 5чи жана 6-пунктундагы “Талапкерлердин саны 5 адамдан ашпоого тийиш жана бир жылда бир жолу «Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылат» деген сөздөр, “Талапкерлердин саны 7 адамдан ашпоого тийиш жана бир жылда 2 жолу «Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылат” деген сөздөргѳ алмаштырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |