Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 19-июнундагы №33
Үч-Терек айылындагы машыгуу залына кирүү тарифин бекитип берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жалпы жаштарынын ден соолугуна кам көрүү жана спортту өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү, Үч-Терек айылындагы Т.Абдиев атындагы маданият үйүндө жайгашкан машыгуу залын ишке киргизүү максатында, машыгуу залына кирүү тарифин бекитип берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановдун сунушун угуп жана талкуулап, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесин негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын сунушунун негизинде ,Үч-Терек айылындагы машыгуу залына кирүү тарифи айына 18-жашка чейинки өспүрүмдөргө 500сом, 18-жаштан жогорку жаштагы адамдар үчүн 1000сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бекитилген тарифтин негизинде иш жүргүзүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |