Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 19-июнундагы №35
Жетиген айылындагы Ак-Жар участкасындагы бир көчөгө маркум
Талканчиев Кенжетайдын атын коюу жөнүндө
Жетиген айылынын Ак-Жар участкасынын жалпы жашоочуларынын чогулушунун №2 протоколунун негизинде, Жетиген айылындагы Ак-Жар участкасындагы бир көчөгө маркум, Талканчиев Кенжетайдын атын берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановдун сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө» токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө» жобонун 2-главасынын 12-пунктуна ылайык, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жетиген айылындагы Ак-Жар участкасындагы бир көчөгө, Бакишов Жылдызбектин үйүнөн баштап, Молдомусаев Русландын үйүнө чейин маркум Талканчиев Кенжетайдын атынан “Кенжетай ата” көчөсү атындагы көчө болуп аталсын.
2. Ошол көчөнүн жолдорун ондоого, жарыктандырууга, үй номерлерин тактап табличкаларын жасатып илүү жана көчөнү көрктөндүрүү, тазалыгына көзөмөл кылууну аткарууга алуу жагы уулу Талканчиев Чабанга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |