Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 19-июнундагы №36
Үч-Терек айылынын тургуну Калыгулов Суюнтбектин Карашагыл участкасындагы май куюучу станция куруу үчүн 0,02 га жана 0,01га ашкана куруу үчүн алган жер аянтынын багытын ( профилин) , чайхана куруу үчүн өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын негизинде, Үч-Терек айылынын тургуну Калыгулов Суюнтбектин Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-августундагы №47 чечиминде көрсөтүлгөн Саргата айылынын Карашагыл участкасындагы № 428 контурдагы 0,27га жашылдандырууга, 0,02 га май куюучу станция жана 0,01га ашкана куруу үчүн жалпы 0,30га жер аянтынын ичинен , 0,03га жер аянтынын багытын(профилин), чайхана куруу үчүн өзгөртүү жөнүндө айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин»18-беренесин жетекчиликке алып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылынын тургуну Калыгулов Суюнтбекке тиешелүү, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-августундагы №47 чечиминде көрсөтүлгөн Саргата айылынын Карашагыл участкасындагы № 428 контурдагы 0,27 га жер аянты жашылдандыруу үчүн калтырылсын, ал эми 0,02 га май куюучу станция жана 0,01га ашкана куруу үчүн жалпы 0,03га жер аянтынын багыты(профили), чайхана куруу үчүн өзгөртүп берилсин .
2. Аталган жер аянтынын багытын (профилин) өзгөртүү боюнча мыйзамда белгиленген тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, ветеринария, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |