Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 19-июнундагы №37
Бөрү –Дөбө участкасындагы № 3936 контурдагы 1,0 га жайыт
жердин багытын которууда (трансформациялоого) чектик өлчөмүн аныктоо жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Такталык айылынын Бөрү –Дөбө участкасындагы №3936 контурдагы 1,0 га жайыт жер аянтын жашылдандыруу үчүн багытын которуу(трансформациялоо) жөнүндөгү жайыт адиси К.Сыргабаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Такталык айылынын Бөрү –Дөбө участкасындагы № 3936 контурдагы 1,0 га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүп , бак тигип жашылдандыруу үчүн жер тилкесинин чектик өлчөмү 1,0га деп бекитилсин.
2. Аныкталган чектик өлчөмү боюнча мыйзамда белгиленген тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, ветеринария, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |