Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 19-июнундагы №38
Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын Үч-Терек айылынын тургуну Мамырасулов Жолдошбекке ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34 жана 39-беренелеринин негизинде, Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 31-майындагы №78 “Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү коомчулугунун сыйлыктары боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 5-июнундагы №4 протоколунун негизинде сунушталган жаранды, “Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо жөнүндөгү комиссиянын төрайымы
З.Кигарованын сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы төмөнкү жаранга ыйгарылсын:
- Мамырасулов Жолдошбек- ардагер, Үч-Терек айылынын тургуну.
2. “Үч-Терек айыл аймагынын Ардактуу атуулу” белгилерин, күбөлүктөрүн жана төш белгилерин даярдатып, наамга татыктуу болгон атуулдарга салтанаттуу тапшыруу үчүн 3(үч) айлык мөөнөттө камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |