Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 19-июнундагы №39
Жетиген айылындагы № 3515 контурдагы 0,06 га жайыт жердин багытын которууда (трансформациялоого) чектик өлчөмүн аныктоо жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Жетиген айылынын К.Атабеков көчөсүнүн этек жагындагы № 3515 контурдагы 0,06 га жайыт жер аянтынын багытын “Өнөр жай, транспорт, байланыш коргоо жана башка жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жетиген айылынын К.Атабеков көчөсүнүн этек жагындагы № 3515 контурдагы 0,06 га жайыт жер аянтынын багытын “Өнөр жай, транспорт, байланыш коргоо жана башка жерлер” категориясынакоторууда (трансформациялоодо) жер тилкесинин чектик өлчөмү 0,06га деп бекитилсин.
2. Аныкталган чектик өлчөмү боюнча мыйзамда белгиленген тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, ветеринария, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |