Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 19-июнундагы №40
Кызыл –Ураан айылынын Кара-Кечүү участкасындагы №2246 контурдагы 0,10 га жайыт жердин багытын которууда (трансформациялоого) чектик өлчөмүн аныктоо жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ураан айылынын Кара-Кечүү участкасын-дагы №2246 контурдагы 0,10 га жайыт жер аянтын багытын өнөр жай багытына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ураан айылынын Кара-Кечүү участкасындагы №2246 контурдагы 0,10га жайыт жер аянтынын багытын өнөр жай багытына которуу (трансформациялоо) үчүн жер тилкесинин чектик өлчөмү 0,10га деп бекитилсин.
2. Аныкталган чектик өлчөмү боюнча мыйзамда белгиленген тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, ветеринария, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |