Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 19-июнундагы №41
Үч-Терек айылындагы спорт комплексине маркум Койчубаев Анарбектин ысымын берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек айылындагы жаңы курулуп жаткан муниципалдык менчиктеги спорт комплексинин имаратына, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин депутаты жана башка жетекчилик кызматтарда эмгектенип, элдин сый урматына ээ болгон маркум Койчубаев Анарбектин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Үч-Терек айылынын Аксакалдар кеңешинин жана айыл өкмөт башчысынын сунушун карап жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу, Ардагерлер кеңешинин сунушу жана чогулуштун протоколу эске алынып, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек айылындагы жаңы курулуп жаткан спорт комплексинин имаратына маркум Койчубаев Анарбектин ысымы берилип , Койчубаев Анарбек атындагы спорт комплекси деп аталсын.
2. Мыйзамда белгиленген тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Г. Маленов |