Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
13-сессия
2026-жылдын 23-июну № 68/XIII-29
Кант шаарындагы № 1, № 2, № 3 жана № 4-каттамдар боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кант шаарынын жүргүнчүлөрүн ташуу тарифин кайра карап чыгуу зарылдыгы жөнүндө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын чечимин карап чыгып, ошондой эле Кант шаарынын тургундарын жана меймандарын туруктуу, үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылуу максатында
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаары боюнча №1, №2, №3, №4-каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуу тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кант шаарынын мэриясы шаар тургундарынын жана меймандарынын ыңгайлуулугу үчүн айдоочулар тарабынан тейлөөнүн жогорку маданиятын сактоону жана кичи автобустардын ыңгайлуулугун камсыз кылууну көзөмөлдөсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Бейшебаев |
|
| Кант шаардык кеңешинин 23.06.2026-ж. №68/XIII-29 токтомунун тиркемеси |
Кант шаары боюнча №1, №2, №3, №4 каттамдарда
жүргүнчүлөрдү ташуу тарифтери
1. «Дом» ЖЧКсы тарабынан тейленүүчү Кант шаарынын ичиндеги №1, №2, №3-каттамдар боюнча бир жүргүнчүнүн жол кире акысы 17 (он жети) сом өлчөмүндө, ал эми №4 каттам боюнча 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Төмөнкү катмардагы жарандар үчүн жеңилдетилген тариф 12 (он эки) сом өлчөмүндө белгиленсин:
- пенсионерлер (пенсиялык күбөлүгү болгон учурда);
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
- жалпы оорулардан жана өндүрүштүк жаракаттан улам I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар.
3. Кант шаарынын коомдук транспортунда төмөнкү категориядагы жарандарга акысыз жүрүү укугу берилсин:
- 7 жашка чейинки балдар;
- кварталдык комитеттердин жана кондоминиумдардын төрагалары;
- Кант шаарынын мэриясынын аппаратынын жана Кант шаардык кеңешинин кызматкерлери (күбөлүгү болгон учурда);
- Кант шаарынын Ардактуу жарандары;
- Кант шаарынын аксакалдар сотунун мүчөлөрү.