Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы
2026-жылдын 3-июлу №1
Чаек айылында Ш..Рысбеков көчөсү №6а дарегинде жайгашкан 4-03-10-1001-0270 бирдейлештирилген коду менен каттоодо турган муниципалдык 1.8 (бир гектар сексен сотых) жер тилкеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине жана Жумгал районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2026-жылдын 26-июнундагы №03-10/59 чыгыш сандуу шаар куруу корутундусуна ылайык. Чаек айылында Ш..Рысбеков көчөсү №6а" дарегинде жайгашкан 4-03-10-1001-0270 бирдейлештирилген коду менен каттоодо турган муниципалдык 1.8 (бир гектар сексен сотых) жер тилкесин “Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы” ачык акционердик коомуна өткөрүү боюнча угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешининин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине жана Жумгал районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2026-жылдын 26-июнундагы №03-10/59 чыгыш сандуу шаар куруу корутундусуна ылайык. Чаек айылында Ш..Рысбеков көчөсү №6а дарегинде жайгашкан 4-03-10-1001-0270 бирдейлештирилген коду менен каттоодо турган муниципалдык 1.8 (бир гектар сексен сотых) жер тилкесин “Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы” ачык акционердик коомуна өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдиловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |